Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда тургундар ири зыянга учурап, милицияга барышты

Кара-Суу районунда алдамчылык фактысына шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча 24-мартта облустук милиция кабарлайт.
Райондук милицияга 48 жана 35 жаштагы тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар өткөн жылдын июль айында Ж. жана Ө. аттуу жарандар кум карьерине лицензия берүү үчүн 2 миллион 625 миң сом, ошондой эле экинчисинен 700 миң сом алып, лицензияны жана акчаны кайтарып бербей, алдап кетишкендигин билдиришкен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде 41 жаштагы Ж.Ж. жана 36 жаштагы Х. уулу Ө. аттуу жарандар кармалышкан.
Тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан