Биз социалдык тармакта

20 миллион сом зыян... "Феникс" компаниясына алдангандардын саны өсүүдө (видео)

Ири алдамчылыктын курмандыктарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Феникс" компаниясы менен О.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, 2026-жылы бул жаран ишенимге кирип, бир жыл ичинде кэшбэк алып берүү шылтоосу менен андан 34 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, белгисиз тарапка жашырынып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. Натыйжада кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран Осмонова Н.Ч. кармалды.
"Бүгүнкү күндө шектүүгө карата 26 адам арыз менен кайрылды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 20 миллион сомдун тегерегинде. Жабырлануучулардын саны мындан ары да өсүп, 1000 адамдан ашышы мүмкүн. Жаран Осмоновага карата айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктештерди аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда",- деп белгиленген маалыматта.
Милиция аталган жарандан жабыркагандар болсо 0 702 717 308 номуруна байланышса боло турганын белгиледи.
20 миллион сом зыян... "Феникс" компаниясына алдангандардын саны өсүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан