Баткен облусунун тургунун интернет аркылуу алдап кеткен шектүү Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял 18-январда милицияга арыз менен кайрылды. Анда ал Одноклассники социалдык тармагы аркылуу белгисиз жаран менен таанышканын билдирген. Шектүү өзүн Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, Кадастр мекемесинде иштеген М.К. катары тааныштырган.
Ал жабырлануучуга “арзан баада жер алып берем” деген шылтоо менен 302 миң 370 сом акчасын алдын ала котортуп алган. Акчаны алгандан кийин ар кандай себептерди айтып, изин жашырган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү Бишкек шаарынан кармалып, ал М.К. эмес, Чүй облусунун 1980-жылы туулган И.Ш. аттуу туругуну болуп чыкты. Ал мурда бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.