Кыргызстандан “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына аттана турган делегациянын курамына 5 киши кирди 

7-февралда старт ала турган “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына аттана турган делегациянын курамына 5 киши кирет. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин президенти Мурат Саралинов журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, делегацияга кирген Мурат Саралинов (Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин президенти), Канат Аманкулов (Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы)  жана Саламат Эргешов (Делегациянын мүчөлөрүн жайгаштыруу жана котормочулук кызматты аркалайт) Улуттук олимпиада комитетинин эсебинен, Дмитрий Трелевский (Оюндардын катышуучусу) жана Игорь Борисов (спортчунун машыктыруучусу) Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин эсебинен барат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kosmos83
2014-01-24 12:34:06
1 спортчуну 4то коштоп баратбекен машыктыруучусу эле барса болбойт бекен эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан