Кемин районунда 55 жаштагы жаран курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн Төрт-Көл айылындагы убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, 281,328 грамм каннабис, ошондой эле 0,4781 грамм жана 0,4440 грамм гашиш табылган. Мындан тышкары, ТОЗ-17 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, ИЖ-18М үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал, Маузер 98 үлгүсүндөгү курал алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.