Ош шаарында студенттерди тоноого шектелип 21 жана 18 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу аталган калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар түндө 23 жаштагы жаранды "Енисей" маркетинин алдында коркутушуп, IPhone 15 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Жабырлануучу арыз жазып, милиция шектүүлөрдү колго түшүргөн. Алар Баткендин Айдаркен шаарынын тургундары экени аныкталган.
Шектүүлөрдүн ондон ашуун студенттерди (арасында чет өлкөлүктөр дагы бар) тоногондугу такталган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.