Бишкекте алдамчылыкка шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр июнь айында жабырлануучудан Түркиядан алып келинген делген алтын буюмдарды сатуу шылтоосу менен ишеничине кирип, 4 миллион 129 миң 300 сом алган. Андан кийин изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.