Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү "Кыргыз жүн" жүндү кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалымдалгандай, 2019-жылы иштеп баштаган ишкана жылына 60 тонна жүндү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишкананын негиздөөчүсү Курманбек Жакшылыков өндүрүш жабдууларын өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздаган. Өндүрүштө боз үйгө керектүү кийиздер, шырдактар жана жүндөн жасалган ар кандай буюмдар даярдалып, кардарлардын буюртмасы боюнча да продукциялар чыгарылууда. Ишкана Ысык-Көл облусун кийиз продукциялары менен 90 пайызга чейин камсыздап келет.
Учурда ишканада 9 адам туруктуу эмгектенет. Мындан тышкары, кошумча өндүрүш линиясы курулуп жатат. Анын ишке кириши менен дагы 7-8 жаңы жумуш орду түзүлөт.