Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалын тейледи

Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая Австралияда өтүп жаткан айымдар арасындагы футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык беттешин тейледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал баштаган калыстар тобу 18-март күнү өткөн Түштүк Корея менен Япония курама командаларынын ортосундагы жарым финалдык оюнда калыстык милдетти аткарды.
"Бул беттеш Вероника Бернацкая үчүн аталган турнирдеги төртүнчү оюн болуп калды. Буга чейин ал Түштүк Корея - Иран, Япония - Индия беттештеринде, ошондой эле Австралия - Түндүк Корея командаларынын чейрек финалдык оюнунда калыстык кылган",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан