Биз социалдык тармакта

Бишкекте 20дан ашык алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирип, анын 20дан ашык эпизодго тиешеси бар экенин белгиледи.

Маалым болгондой, 15-февралда Т.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда М. аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 12-январда аталган жаран анын ишенимине кирип, 8 даана тигүүчү машина жеткирип берем деген шылтоо менен 319 миң сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1987-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалды. Шектүү ушул сыяктуу жалпы 20дан ашык кылмышка шетелүүдө. Учурда ага карата бөгөт коюу чарасы катары электрондук көзөмөл тандалды.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан