“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына бара турган Дмитрий Трелевскийге 24 000 доллар стипендия берилген

Бүгүн, 24-январда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына карата Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин президенти Мурат Саралинов журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, бир катар суроолорго жооп кайтарды.

“Сочи-2014” олимпиадасына барып келүү үчүн 175 000 сом каралган. “100 000 сом машыктыруучу менен спортчунун формасына сарпталды. Калган 75 000 сом экөөнүн барып-келчү каражаты. Орусияда жашоо, тамактанууга кетчү чыгымды Эл аралык Олимпиада комитети каржылайт” деди ал өз сөзүндө.

Жолугушуу учурунда ал “Сочи-2014” Олимпиадасына даярдык үчүн жана тандап алуу турларына катышуу үчүн аталган агенттик тарабынан 634 800 сом бөлүнгөнүн билдирди. Саралиновдун айтымында, бул спорт түрүнүн татаалдыгы жана анда колдонулуучу шаймандардын кымбаттыгы эске алынып, Дмитрий Трелевскийге жана бир тууган Алексей менен Павел Вакуриндерге (тилекке каршы, алар Кышкы Олимпиадага жолдомо ала алышкан жок) Улуттук олимпиада комитети тарабынан 24 000 доллардан стипендия берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
venchiko88
2014-01-24 11:27:54
100000 сомго экооно формага эле кеткен болсо, чет кымбат гооо
0
Aksy1986
2014-01-24 11:34:31
100000 сомго охо ошого жараша жениш менен келсе экен ийгилик
+3
barsa1984
2014-01-24 11:35:07
Алган акчаларын актаса эле болду...
+3
Aybek777
2014-01-24 11:46:26
Кыргызстандын атынан кыргыз улутунанда барса жакшы болор эле.
+2
betman
2014-01-24 20:46:24
спорттун кайсы турунон экенин жазып койгулачы
0
maksat87
2014-01-24 22:58:19
Birinchiden kim bolso da Kyrgyzdin atinan chigip jatkanina suyunoluchu, ekininchiden 100000 som silerge chon akcha korunup jatabi?? kishi bashina 50000som=1000$,azirki uchurda jakshi lijachinin kostyumu 1000$ chamalayut,anan siler emneni aytip jatasinar!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан