Бүгүн, 24-март күнү өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" ААКсынын башкы директору И.К.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тергөө маалыматына ылайык, ал компаниянын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси катары инвесторлорду атайылап адаштырган. Курулуш иштерине каражат жетишсиз экенин билип туруп, ал буга чейин эле сатылып кеткен активдерди күрөө катары көрсөтүп, инвестиция тарткан. Мындай "кош сатуу" схемасы жарандарга олуттуу материалдык зыян келтирген.
Кылмыш иши жабыркаган жарандардын жамааттык арыздарынын негизинде козголгон. Шектүү мурда эл аралык издөөдө болгон", - деп жазылган маалыматта.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайында, тергөө иштери уланууда. УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды жана кошумча фактыларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.