Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар жакында Берлин шаарында өткөн иш-чаралардын жыйынтыктарын жана эки тараптуу, аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз-герман мамилелери ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, ар кандай деңгээлдеги байланыштар активдешкенин айтты. Анын ичинде Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын ноябрь айындагы Берлинге болгон сапары жана 2026-жылдын февралында өткөн "Борбордук Азия – Германия" форматындагы жолугушууга кыргыз тараптын катышуусу өзгөчө белгиленди.
Тараптар экономика, энергетика, транспорт, логистика жана санариптештирүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасашты. Кыргыз тарап Германиянын бизнес чөйрөсү менен инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда санкциялык саясат, парламенттик кызматташуу, эмгек миграциясы, билим берүү жана кадрларды даярдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Өз кезегинде элчи Моника Ленхард Германия эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө даяр экенин тастыкташты.