Жол кырсыктары көбүнчө бир секунддук этиятсыздыктан улам келип чыгып, адам өмүрүн "мурун" жана "кийин" деп өзгөртүп салат. Бул тууралуу кайгуул кызматы кабарлайт.
Адистердин айтымында, рулдагы кайдыгерлик, ылдамдыкты ашыруу жана жол эрежелерин одоно бузуу кайгылуу окуяларга алып келүүдө.
Жол кыймылынын эрежелери жөн гана талаптар эмес — алар адам өмүрүн сактап калуу үчүн түзүлгөн. Бул эрежелер кайтарылгыс жоготууларга дуушар болгон адамдардын каны менен жазылганын унутпоо зарыл.
МККБ айдоочуларга кайрылып, жолдо ар бир ката адам өмүрүнө тете экенин эскертет. Айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, белгиленген ылдамдыкты ашырбоого жана рулда өзгөчө этият болууга чакырат.
Ошондой эле жарандарга кайдыгерлик жолдо кайгылуу кесепеттерге, анын ичинде адам өмүрүнүн кыйылышына алып келиши мүмкүн экени эске салынды.