Эртең, 25-январда Ысык-Көлдө вице-премьер-министр Камила Талиеванын катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгы тууралуу форумдун ачылышы орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда уюштуруу иштеринен тышкары оюндар, оюндарды өткөрүү тартиби, эрежелери жана калыстардын дайындалуусу боюнча суроолор каралат. Форумдун жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча резолюция кабыл алынат.
Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия жана Кыргызстан мамлекеттеринин командалары катышары күтүлүүдө. Кыргызстан мелдешти уюштуруп, өз үйүндө кабыл алып жатканына байланыштуу ар бир спорт түрүнөн экиден команда катыштырууга укугу бар.
Көптөгөн өлкөлөргө теле аркылуу алынып берилери күтүлүп жаткан бул оюндардын программасына көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай сыяктуу оюндар киргизилген.