Биз социалдык тармакта

Бишкекте окуучулардын илимий долбоорлор сынагы жыйынтыкталды

Бишкек шаарында окуучулардын илимий-изилдөө долбоорлорунун жыл сайын өтүүчү шаардык сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак 8 номинация жана 10 багыт боюнча өткөрүлүп, ага борбор калаадагы мектеп окуучулары тарабынан сунушталган 400гө жакын илимий-изилдөө долбоорлору катышты.

Жыйынтыгында 60 окуучу байгелүү орундарды ээлеп, жеңүүчүлөр дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланары белгиленди.

Мындай сынактар окуучулардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, таланттуу жаштарды колдоого жана алардын илимий-таанып-билүү активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан