Биз социалдык тармакта

Чүйдө соттун улук катчысы жана судья кармалды

Чүй облусунун сот тутумунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук сотунун улук катчысы абакка кесүүдөн сактап калуу үчүн жарандан 26 миң доллар алган. Бирок кийин ал убадасын аткара албай калганы үчүн алган акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 2800 доллар жана 651 миң сом кайтарып берип жатканда кармалган.

Тергөөдө бул ишке Аламүдүн райондук сотунун судьясынын да катышы бар экени аныкталган. Ал 85 миң сомду кайтарып берип жатканда колго түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан