
Өлкө аймагында акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин 26-марттагы билдирүүсүндө айтылат.
Анын ичинен Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2, Чүйдө 5, Ошто 4, Баткен облусунда 2, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көлдө 2 өрт кырсыгы чыккан.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого жана кырсыктан оолак болууга чакырат.