Биз социалдык тармакта

Айла-амалы ишке ашпай... Бишкекте унаасына жасалма номур тагып алган айдоочу кармалды

Бишкекте Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны жасалма айдоочулук күбөлүк менен башкарып жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал жол тескөөчүлөрү токтоткондо унаанын мамлекеттик номуру укук коргоо органдарынын бирине тиешелүү экенин билдирген. Бирок текшерүү учурунда унаанын мамлекеттик номуру да, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү да жасалма экендиги аныкталган.

Натыйжада, унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Тийиштүү материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Айла-амалы ишке ашпай... Бишкекте унаасына жасалма номур тагып алган айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан