22-январда Бишкек-Москва поездинин вагондорунун биринен ири көлөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда КРнын ИИМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вагондо 3 килограмм 367 грамм гашиш жана 3 килограмм 90 грамм героин Орусияга ташылып кетүүгө даярдалган. Аталган кылмышка шектүү катары вагонду кароочу адам кармалды.