Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таркатып жүргөн кыз-жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алар буга чейин катып кеткен 14 жайды көрсөтүп берип, ал жерлерден баңгизаттар алынды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 33 жаштагы Р.А. аттуу жигит жана 22 жаштагы А.С. аттуу кыз кармалды.
Алынган синтетикалык баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда.