Биз социалдык тармакта

6 жылга кесилген гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаевди шаардык сот абактан бошотту

6 жылга соттолгон гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен сот залынан пробация шарты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Бүгүн, 26-мартта шаардык сот анын ишин карады.

Эскерте кетсек, Жээнтаев 2025-жылдын 10-ноябрда ИИМге караштуу тергөө органдары тарабынан кармалган. Быйыл 13-февралда иши Биринчи май райондук сотунда каралып, алты жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Ал Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган посттору боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан