Биз социалдык тармакта

Сокулуктагы почта филиалында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуу ачыкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз почтасынын Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейин кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын өзүнүн жеке эсептерине мыйзамсыз которуп турган.

Тергөө учурунда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 15 миллион сом экени белгилүү болду. Бул каражаттардын бир бөлүгү жеке муктаждыктарга, анын ичинде Ысык-Көл облусундагы курорттук аймактан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан