Орусияда сойкукана ачкан кыргыз жараны кармалганы тууралуу бүгүн, 24-январда Москва шаарынын Түштүк-Батыш округу боюнча ИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 22-январда ыкчам маалыматты текшерүү үчүн жүргүзүлгөн аракеттердин жыйынтыгында кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан массаж салонундагы сойкукана табылып, 29 жаштагы салондун администратору кармалган. Тергөө учурунда сойкукананын уюштуруучусу ал экени аныкталган.
"Москва облусунан келген 24 жаштан 31 жашка чейинки 4 кызга "сойкулук менен алектенүү" беренеси боюнча протокол түзүлдү",- деп Москва шаарынын Түштүк-Батыш округу боюнча ИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Юлия Аносова билдирген.
Анын айтымында, сойкукананын уюштуруучусуна Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесине ылайык (сойкулук менен алектенүүнү уюштуруу) кылмыш иши козолду. Баш коргоо чарасы катары шаардан чыкпоо тууралуу тил кат жаздырылып алынган.