Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп жаткан Жаштар Дельфий оюндарынын “Элдик ырдоо” номинациясы боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, финалдык этап П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду. Эки күн бою Пакистан, Индия, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Беларусь жана Кыргызстандын жаш таланттары вокалдык чеберчилигин, сахна маданиятын жана улуттук музыканы терең түшүнгөнүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр үч жаштык категория боюнча аныкталды:
10-13 жаш категориясы:
– Ниязбеков Атай — алтын медаль
– Курвангалиев Айтумар — күмүш медаль
– Бхатнагар Атхрав — коло медаль
14-17 жаш категориясы:
– Саматова Мончок — алтын медаль
– Алыбеков Жакшылык — күмүш медаль
– Ашуров Акрам — коло медаль
18-25 жаш категориясы:
– Wang Siyuan — алтын медаль
– Зайченко Виктория — күмүш медаль
– Кретова Екатерина — коло медаль
Бул оюндардын өткөрүлүшү жаш таланттарды колдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана элдердин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.