Шымкент шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган.
Жыйынга Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны 27-мартта уланып, анда ондон ашуун маселе каралары күтүлүүдө.