Биз социалдык тармакта

Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялар менен жолугушту

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасына ташып келүүчү компаниялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө компаниялар минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнүн учурдагы абалы, республикага жеткирилген көлөмдөр, баа саясаты жана тармакта орун алып жаткан көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.

Катышуучулар минералдык жер семирткичтерди өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ошондой эле жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эрлист Акунбеков бир катар мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтерди импорттоо процессиндеги көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан