ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев эксперттик коомчулук менен салттуу жолугушууну өткөрүп, 2025-жылдагы дипломатиялык иштердин жыйынтыктарын жана 2026-жылга пландарды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Тажикстан менен чек ара делимитациясын регионалдык туруктуулуктун маанилүү кадамы катары белгилеп, 190 жолугушуу, 600дөн ашык документ жана жаңы элчиликтердин ачылышы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык катышуусунун кеңейгенин айтты.
Ал ошондой эле “Электрондук консул” системасынын ишке кириши менен консулдук кызматтарды санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө шайлоону уюштуруу боюнча жетишкендиктерин белгиледи.
Кулубаев көп векторлуу тышкы саясатты, ШКУдагы төрагалыкты жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Ысык-Көл форумунун маанисин баса белгилеп, министрлик конструктивдүү диалогго ачык экенин билдирди.