Биз социалдык тармакта

Унаа токтотуучу жайдагы жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолду (видео)

Бишкек шаарында мотоциклдин айдоочусу "Глобус" дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайда жигитти сүзүп кетип, ал жандандыруу бөлүмүнө жеткенде каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон жаран 18 жашта болгон. Ал эми жол эрежесин бузган айдоочу сүзөрдүн алдында жогорку ылдамдыкта жүрүп, мотоциклди арткы дөңгөлөккө көтөрүп, манёвр менен айдап бара жаткан. Дагы бир жабырлануучу көптөгөн жаракаттар менен ооруканада жаткандыгы кошумчаланды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жол кырсыгы 25-март күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндө болгон. Мотоцикл айдоочунун өзү да оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.

Унаа токтотуучу жайдагы жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан