Биз социалдык тармакта

Жалган УКМК кызматкери... Алдамчылыкка шектелип азербайжандык жаран кармалды

Азербайжандын жараны өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, кыргызстандыктардан ири суммадагы акча талап кылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, ал арыздануучунун уулун СИЗО-1ден чыгарып берүүгө жардам берем деген убада менен 24,1 миң доллар жана 100 миң сом алган. Ал эми башкалардан болсо өзүн Сахаб деп атап, тигүү цехине Вьетнамдан жумушчуларды алып келип берем деген шылтоо менен 14 миң доллар алган.

Ал убадаларга турбай, из жашырып кеткен. Кийинчерээк УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан