Бишкекте "Йакын Инкар" диний-экстремисттик уюмунун (ред.: Кыргызстанда тыюу салынган) жактоочулары аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, уюмдун 55 жаштагы лидери баш болгон мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында алар радикалдык көз караштардан баш тартышып, мыйзамга каршы аракеттерге барбоо жана мындан ары диний кастыкты козутуучу идеяларды жайылтпоого убада беришкен. Ошондой эле алар ислам дининин салттуу баалуулуктарын кармануу ниетин билдиришкен.