Биз социалдык тармакта

ИИМ кыргызстандыктарды Данияга, Германияга мыйзамсыз ишке орноштуруп келген компанияны аныктады

Ички иштер министрлиги жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштуруу жаатында мыйзам бузууларды аныктаганын билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө "Asia Consult Visa" компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келген. Натыйжада, Укук бузуулар кодексинин 95-беренеси (Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк) боюнча административдик протокол түзүлгөн.

ИИМ аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандарды Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан