Биз социалдык тармакта

Кофе же чай. Эртең менен кайсынысын ичүү пайдалуураак? (адис менен маек)

Көпчүлүгүбүз күндү кофе даярдоо же чай демдөө менен баштайбыз. Бул ысык суусундуктар бизге иштөөгө, сергек болууга же жөн эле уйкудан ойгонуп жумуш баштоого жардам берет. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна же табитине карап, чай же кофени тандап алат эмеспи. Урматтуу окурман, сиз күнүңүздү кайсыл ысык суусундук менен баштайсыз?

Бул жолу SUPER.KG порталы "Эртең менен ден соолукка кайсынысын ичүү пайдалуураак?" деген суроонун алкагында гастроэнтеролог Асел Дөөлөтбекова менен маек курду.

- Көпчүлүк адамдар күнүн кофе же чай менен баштайт эмеспи, ден соолукка зыян болбош үчүн эртең менен кайсынысын ичүү сунушталат?

- Мен далилденген медицинанын негизинде жооп берейин. Негизи эртең менен экөөнү тең ичүүгө болот. Эгер туура колдонулса ден соолукка зыян бербейт, тескерисинче, пайдалуу. Кофе менен чайдын айырмасы алардын курамында. Мисалы, кофеде кофеин көп, ал сергитет, маанайды жакшыртат. Ал эми чай (айрыкча көк чай) антиоксиданттарга бай болгондуктан организмге жумшагыраак таасир берет. Ал эми эртең менен кайсынысын тандоо ал адамдын организмине жараша болот. Ашказанда сезгич оорулар бар болсо чай ичкен жакшы. Эгер сергектик керек болуп жатса, анда кофе ичкен ылайыктуу болот.

- Кофени ачкарын ичүү ден соолукка кандай таасир берет?

- Бул суроо көп учурда талаштуу, бирок далилдүү медицинада кофе ашказандагы кислотанын бөлүнүшүн көбөйтөт. Мындан улам кээ бир адамдарда кыжырдануу, зарна, ашказан оорулары пайда болушу мүмкүн. Бирок ден соолугу жакшы адамдарда кофени ачкарын ичүү олуттуу зыян алып келбейт. Тескерисинче, ич катууга жакшы жардам бере алат.

Кофени ачкарын ичүү төмөнкү учурларда сунушталбайт: диспепсия симптомдору, зарна бар болсо жана ашказан оорулары бар болгон учурда. Эгерде сиз кофени жакшы көрсөңүз, тамактан кийин же жеңил салаттар менен ичсеңиз эң туура болот.

- Күнүнө канча өлчөмдө кофе ичүү керек?

- Далилденген медицинага таянсак, бир күндө 300-400 милиграмм кофе ичүү коопсуз. Бул болжол менен 2-4 чөйчөк болот. Бирок кош бойлуу айымдар, жүрөк кагышы тез жана кан басымы бийик адамдар жана уйкусу начар болгондор кофе ичүүнү чектөө керек. Кофени саат 14:00-15:00дөн кийин ичпөө сунушталат. Бул убактардан кийин кофе ичүү уйкуга таасир берип, анын бузулушуна алып келет.

- Негизи эле күндү кандай суусундуктун түрү менен баштаган туура?

- Албетте, эртең менен алгач бир стакан жылуу суу ичүү эң туура башталыш. Андан кийин гана ден соолугуңузга же тандооңузга карап, кофе же чай ичсеңиз болот. Кааласаңыз лимон кошулган суу ичсеңиз да абдан жакшы. Ошондой эле кумшекер кошулбаган чай да жакшы тандоо.

- Эртең менен ичүүгө эң ылайыктуу кофенин же чайдын түрлөрүн айтып берсеңиз, курамы кандай болуш керек?

- Эртең менен көбүнчө кумшекер кошулбаган, кара кофе жакшы. Эң ылайыктуусу фильтрленген кофе же американо. Чай боюнча айтсак, көк чай, өтө коюу эмес кара чай жана ромашка, жалбыз менен даярдалган чөп чайларды ичүүгө болот. Кофе менен чай ичүүдө эң негизгиси кумшекер менен ашыкча кошумчаларды чектөө керек.

- Бизде чай эң көп ичилген суусундук эмеспи, күн сайын чай ичкен адамдын организми кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн?

- Ооба, туура айтасыз, чай биздин аймакта эң кеңири колдонулган ысык суусундук. Эгер аны туура колдонсо бир катар пайдалуу жактары бар. Мисалы, чайдагы заттар кан айланууну жакшыртат, кан басымдын туруктуулугуна жардам берет жана жүрөк ооруларын алдын алууга салым кошот. Бирок ашыкча колдонуу темирдин сиңишин азайтышы мүмкүн. Чайды тамактан кийин дароо эмес, 30-60 мүнөттөн кийин ичкен туура. Бул организмге темирдин сиңиши үчүн сунушталган эреже.

Эми жалпылап айтканда, кофе да, чай да ден соолукка зыян эмес. Маселе алардын көлөмүндө жана организмдин өзгөчөлүгүндө. Бирок эң туура тандоо күндү кадимки жылуу суу менен баштоо. Андан кийин гана кумшекер кошулбаган же өтө аз кошулган кофе менен чайды ченеми менен ичүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан