Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортуна кирүүдө экинчи жол пайда болот

"Манас" эл аралык аэропортуна кирүү үчүн жанына дагы бир унаа жолу курулууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы жолдун узундугу 1,6 чакырымды түзөт. Кирүү жана чыгуу жолдору өзүнчө болуп, айрым жерлерде кеңейип, автоматтык төлөм системи орнотулат. Ошондой эле жолдордун ортосу жашылдандырылат.

Мурдагы кирүүчү жол расмий өкүлдөр үчүн колдонулуп, жаңысы жалпы пайдаланууда болот.

Ал эми учурда аэропорт да кеңейтилип жатат. Анын аянты чоңоюп, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, 650 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жай курулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан