Бүгүн, 27-мартта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган райондук соттон тастыкташты.
Маалым болгондой, ал 16-майга чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, Тургунбаев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы кыңыр иштерге байланыштуу кармалган. Ага коррупция боюнча айып тагылганы айтылууда.