Кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды өндүрүүнү колдоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков иштеп чыккан документтин максаты - кымыз өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыгын юридикалык жактан коргоо болуп саналат. Долбоордо чет элдик өндүрүүчүлөр кыргыздын улуттук суусундуктарын кыргыздын салттуу орнаменттерин, символдорун пайдалануу менен чыгарып жатканы белгиленген. Бирок алар сапатсыз өндүргөндүктөн кымызга болгон эл аралык абройдун төмөндөшүнө алып келип жатат.
Мыйзам долбоору кандай кадамдарды сунуштайт?
- А, Б, В категорияларына бөлүү. Мында А категориясы өндүрүмдүн эталону болмокчу. Кыргыз мамлекетинин туусу дал ушул категориянын таңгагына гана чапталмакчы. Бул категориядагы өндүрүмдү жасалмалоо аракети кылмыш болуп эсептелет. Аталган категорияга бээнин сүтүнөн өндүрүлгөн, кошулмасыз, тез бузулуучу сезондук кымыз кирет. Бул өлкө аймагында гана сатылууга тийиш. Б категориясына кайра иштетүүдөн өткөн кымыз кирет. Ал соода түйүндөрүндө сатылат жана экспортко чыгарылат. Кургатылган кымыз кайра калыбына келтирилип, суусундук болсо, анда ал В категориясына кирет.
- Кымызды өндүрүүнү, сатууну жана жайылтууну колдоо боюнча Министрлер кабинетине караштуу Кымыз секторун өнүктүрүү улуттук кеңеши түзүлмөкчү. Кеңеш 5 жылга кымыз өндүрүмүн өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө, "Кыргыз кымызы" брендинин кодексин бекитүү жана өзгөртүүгө жана башка маселелерге милдеттүү болот.
- Бардык категориядагы өндүрүмдөрдүн QR-кодду болмокчу. Аны сканерден өткөргөндө кардар сүттүн саалган ордун, убактысын, жайыт тууралуу маалымат ала алат.
- Кымыз өндүрүүчүлөргө салык жагынан жеңилдиктер каралат.
- Кымыз туризмин өнүктүрүү үчүн кымыз ичүүчү жайларга инфратүзүмүнө, өндүрүмдүн сапатына жана коопсуздугуна карата сертификаттар берилет.