Бишкекте аялын ур-токмокко алган эркек 7 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жолдошу аялын сабагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери текшерүү учурунда 31 жаштагы И.А. аттуу жаранды аныктап, райондук соттун чечими менен 7 суткага камакка алган. Ал эми жубайы С.Ж. аттуу жаран арыз жазуудан жана соттук-медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан.