Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Иранга 313 тонна дары-дармектен турган гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС басылмасы өлкөнүн ӨКМине таянып жазды.
Маалым болгондой, ал темир жол аркылуу Астара шаарына жеткирилип, Иран өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Гуманитардык жардам Орусия президенти Владимир Путиндин тапшырмасына ылайык жөнөтүлгөн. Буга чейин, 12-мартта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ил-76 учагы менен Азербайжан аркылуу Иранга 13 тонна медициналык жүк жеткирген.
Эске салсак, АКШ менен Изарил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.