Орусиялык белгилүү футболчу Дмитрий Сычёв Mercedes G 63 AMG үлгүсүндөгү автоунаасын уурдатып жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, автоунаанын уурдалганы тууралуу тиешелүү органдарга 23-январда футболчунун атасы кабарлаган. Автоунаа Москвада Дмитрий Сычёв жашаган үйдөн уурдалган.
Маалыматтарга караганда Mercedes G 63 AMG үлгүсүндөгү унаанын орточо баасы 7 миллион рубль.