Кечээ, 26-мартта Бишкек шаарында өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган.
Турнирге 7 мамлекеттен келген 150гө жакын спортчу катышып, эркин жана классикалык стилдерде, ошондой эле кыз-келиндер арасында күч сынашты.
Мындай эл аралык мелдештер улуттук спорттун өнүгүшүнө жана спортчулардын тажрыйба алмашуусуна чоң салым кошору белгиленди.