Кыргызстанда 2024-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 42 операция акысыз жүргүзүлгөн. Бул тууралуу эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков билдирди.
Маалыматка ылайык, операциялар мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн.
Ал эми М.Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборунда акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар мамлекет тарабынан алынган.
Жаңы жабдуулардын катарында боор алмаштыруу операцияларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн технологиялар да бар. Адистердин айтымында, жакын арада өлкөдө боор алмаштыруу операциясын жасоо пландалууда.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы мындай жаңылануулар оор илдетке чалдыккан бейтаптарга жогорку технологиялык жардам көрсөтүүнү жакшыртып, чет өлкөгө чыгуу муктаждыгын азайтууга багытталган.