Биз социалдык тармакта

ШКУнун жаштар дельфий оюндарынын катышуучулары Бишкектин маданий жайларын кыдырышты

Бүгүн, 27-март күнү, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында катышуучулар үчүн экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экскурсиянын жүрүшүндө коноктор Чыңгыз Айтматов атындагы паркка барышып, парктагы эстеликтер жана алардын тарыхы тууралуу маалымат алышты. Андан соң катышуучулар скульптор Ольга Мануйлова менен сүрөтчү Семён Чуйковдун үй-музейлеринде болушуп, чыгармачылык мурастары жана көркөм искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымдары менен таанышышты.

Ошондой эле каалоочулар үчүн Ала-Арча улуттук паркына саякат уюштурулду. Катышуучулар Кыргызстандын кооз тоо пейзаждарына суктанып, асма жол аркылуу көтөрүлүп, айлана-чөйрөнүн укмуштуудай көрүнүштөрүн көрүштү.

Мындай маданий иш-чаралар эл аралык байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан