Бүгүн Ош шаарында Эл аралык театр күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры жана Жаштар театрынын кызматкерлери катышып, сыйлыктар менен бааланды.
Бабур атындагы театрда майрамдык концерттик программа уюштурулуп, актерлор жана артисттер чыгармачылыктарын көргөзүштү. Иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү катышып, мэрдин атынан бир катар маданият кызматкерлерине Ардак грамота жана акчалай сертификаттар тапшырылды.
Бул күнү театр искусствосунун мааниси дагы бир жолу баса белгиленип, чыгармачыл инсандарга ыраазычылык билдирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.