Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын борбору Бейрут шаарынын түштүк четиндеги турак жай кварталдарына абадан сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, согуштук учактар шаар асманында дагы эле айланып жүрөт. Алар борбордук райондордон да көрүнүп жатканын күбөлөр айтышууда.
Окуя күбөлөрүнүн айтымында, Мрейдже районунда, Ливан мамлекеттик университети аймагына жакын жерде турак үйлөргө эки ирет сокку урулган.
Акыркы үч күн ичинде Израил авиациясы борбор калаага сокку урган эмес болчу. Буга чейин чабуулдар негизинен өлкөнүн түштүк аймагына багытталып, 16-марттан бери ал жакта Израил армиясынын жердеги операциясы жүрүп жатат.