Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 27-мартта Будапешт шаарында Венгриянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Марсель Биро менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, киберкоопсуздук жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу актуалдуу коркунучтар талкууланды. Ошондой эле жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү маселелери каралды.
Орозбеков учурдагы коопсуздук кырдаалы мамлекеттер ортосунда тыгыз кызматташтыкты күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Жолугушууга ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжандын өкүлдөрү катышты.