Биз социалдык тармакта

АКШда сот Meta жана YouTube’ду психикалык зыян үчүн күнөөлүү деп тапты

Meta жана YouTube компаниялары АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы сот тарабынан колдонуучунун психикалык ден соолугуна зыян келтирген деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Соттун чечимине ылайык, 20 жаштагы кыз социалдык тармактарды ашыкча колдонуу натыйжасында көз карандылыкка, депрессияга жана дисморфофобияга кабылган. Калыстар тобу компаниялар платформаларды атайын көз карандылык жарата турган механизмдер менен түзгөн деп эсептешти.

Чечим боюнча, Meta жана YouTube жабырлануучуга жалпы болжол менен 6 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Компаниялар соттун чечимине макул эмес экенин билдирип, аны даттанууга ниеттенүүдө.

Бул иш АКШда социалдык тармактарга каршы ачылган миңдеген доолордун ичинен алгачкы ири чечимдердин бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан