Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиевдин Казакстандагы иш сапары жыйынтыкталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстан Республикасына жасаган жумушчу сапарын аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтык маселелери каралып, ондон ашуун маселе талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду.

Отурумга Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр — Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия өкмөт башчылары, ошондой эле Армениянын вице-премьер-министри катышты.

Мындан тышкары, Касымалиев делегация башчылары менен бирге “Digital Qazaqstan – 2026” форумуна катышып, санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Форумда санариптик майнинг, криптобиржа, киберкоопсуздук, билим берүү жана инновациялар сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан