Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенге шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кырсык 24-мартта саат 01:40 чамасында Жибек Жолу проспектисинде катталган. Анын кесепетинен 31 жаштагы жаран оор жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жаткырылган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28 жаштагы айдоочу кармалып, Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатканы маалымдалды.