Биз социалдык тармакта

Министр Кулубаев менен Лихтенштейндин ТИМ башчысы телефондо сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Лихтенштейндин вице-премьер-министри, тышкы иштер, айлана-чөйрө жана маданият министри Сабине Монауни телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Министр Кулубаев тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Лихтенштейн делегациясын 2027-жылдын октябрында өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга, ошондой эле 2026-жылдын апрелинде Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо жаштары фестивалына чакырды.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан