Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн PWL 11 турниринде кыргыз балбаны Акжол Махмудов япониялык балбан, Азия чемпиону Нао Кусаканы ири эсепте жеңди.
Маалыматка ылайык, балбандар 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. 27-мартта өткөн мелдеште Акжол атаандашын 19:6 эсебинде жеңип, жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, балбандар буга чейин Белграддагы дүйнө чемпиондугунун жарым финалында күрөшүп, Махмудов 7:5 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми экинчи ирет 2024-жылы Бишкектеги Азия чемпиондугунда финалда кармашып, Кусака реванш алып, 4:2 эсебинде уткан.